Коом

Ошто мектеп-интернатынын 700 орундуу корпусу жана 500 орундуу жатаканасы курулат

Ош шаарындагы №11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын 700 орундуу жаңы окуу корпусу жана 500 орундуу жатакана курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-декабрда мэр Бакытбек Жетигенов тиешелүү шаардык жана муниципалдык кызматтардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге курулуштун долбоору менен таанышты.

Тиешелүү кызматтарга бардык керектүү объектилерди жана жайларды камтуу үчүн долбоорду деталдуу иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, мында футбол, волейбол аянтчалары, актовый зал жана башка керектүү жайлар курулат. Курулуш иштеринин жалпы аянты 4,3 миң кв метрден ашык. Бул долбоордун үстүндө иш келерки жылы башталмакчы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button