Коом

Баткендик ишкерлерге жылдык 1% үстөк менен насыя берилет, бирок күрөө керек

Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарынын ишкерлери мамлекеттен жылына 1% менен жеңилдетилген насыя ала алышат, бирок насыя алуу үчүн күрөө керектелет.

Жеңилдетилген насыялар бериле тургандыгы тууралуу 15-декабрда Баткен жана Ош облустарындагы жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүү маселеси боюнча жеринде өткөн жыйында айтылганын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Куралдуу кагылышуулардын натыйжасында, бузулган жана талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык, 1 млн сомго чейин жана 5 млн сомго чейин кредиттер берилет.

5 млн сомго чейин чыгашага учураган ишкерлер жылдык 1% үстөк менен 5 млн сомго чейин насыяларды ала алышат. 5 млн сомдон аз зыян тарткан ишкерлерге 1 млн сомго чейин насыя берилет.

Кредит үч жылдын ичинде квартал сайын төлөнөт. Кредиттер күрөө менен гана берилет.

Карыздын негизги суммасын төлөөдө жана негизги сумма боюнча чегерилген пайыздык чен боюнча жеңилдетилген мезгил 1 жылды түзөт. Финансылык санкциялар мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасынан алынат, жылына 2% өлчөмүндө аныкталат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button