Коом

20-21-декабрда Бишкектин айрым бөлүктөрүндө газ болбойт

 20-декабрдан 21-декабрга чейин Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы маалымдады.
Курулушчулар шаарчасы дарегиндеги жер алдындагы газ өткөргөн түтүктөрдөн көгүлтүр от сызылып чыгып жаткандыгын жоюу боюнча оңдоп-түзөө иштери болору айтылды.
Мындан улам Аламүдүн-1, Энергетиктер, Курулушчулар шаарчасы кичи райондорунда, Учкун конушунда, Лебединовка айылындагы Калинин, Жеңиш, Садовая, Токмок көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат.
«Газпром Кыргызстан» ишканасы аталган аймактарда жашаган тургундарга энергиянын башка булактарын камдап алууну эскертти.
«Ишкана жумуштарды тез аранын ичинде жасап, газ берүүнү кайра улантканга бардык аракетин жасайт. Жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button