Без рубрики

ИИМде өлкөдөгү бир катар Элчиликтердин өкүлдөрү менен чет өлкөлүк жарандарга карата кылмыштардын алдын алуу маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын ИИМде Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин демилгеси менен Пакистан Ислам Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын жана Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиликтеринин өкүлдөрү менен чет өлкөлүк жарандарга карата кылмыштардын алдын алуу, эскертүү жана жол бербөө маселелери боюнча жумушчу жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууга Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Убактылуу ишенимдүү өкүлүнүн жардамчысы Муштаг Ахмед, Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин үчүнчү катчысы Фань Цзюньвэй, атташеси Фэн Цяо, Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин консулу Неллаяппан Понаппан, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башкармалык начальниги Чынгыз Иманалиев жана Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальнигинин орун басары Олжобек Кенешбек уулу катышышты.
Жолугушууда чет өлкөлүк жарандарга каршы жана ал жарандар тарабынан жасалган кылмыштарды алдын алуу маселелерин талкууланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button