Коом

Президент Ноокат-Кызыл-Кыя унаа жолун капиталдык реконструкциялоону баштоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокат-Кызыл-Кыя унаа жолунун абалы менен таанышты.

Жолдун азыркы абалы боюнча жарандардан бир канча арыздар түшкөн.

Президент Садыр Жапаров бул автожолду капиталдык оңдоону 2023-жылдын жаз айларында баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүнү тапшырды.

Ошол эле учурда оңдолгон жолдун сапаты бардык техникалык регламенттерге туура келиши керек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button