Саясат

Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон жумушчу сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 26-27-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумушчу сапары аяктады.
Мамлекет башчысы жыл сайын салттуу түрдө Россия тараптын демилгеси менен өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты.
   
Ошондой эле Президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн башка башчылары Орус музейине барышып, россиялык белгилүү искусство чеберлеринин эмгектери менен таанышты, мындан башка бейформал эртең мененки тамактанууда болушту.
Жумушчу сапарын аяктаган Мамлекет башчысы кечээ, 27-декабрда, Бишкекке кайтып келди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button