Коом

Кыргызстанда унаалар он күндүн ичинде 500–3000 долларга чейин кескин кымбаттады

«Марал» радиосунун журналисттери унаалардын баасы тууралуу Бишкектеги авто базарга барып, атайын репортаж жасашкан.

Алар жүргүзгөн сурамжылоодо базардагы унаа алып саткан жарандар акыркы 10 күндүн ичинде автоунаалардын баасы кескин көтөрүлүп кеткенин айтышкан. Унаалардын кымбатташына пандемиянын таасири жана оң рулдуу унааларды алып келүүгө чек коюлганы себеп болгон.

Ал эми статистикалык маалыматтарда унаа бир айдын ичинде 200 доллардан 1500 долларга чейин кымбаттаганы айтылат.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын он айында Кыргызстанга автоунаалардын импорту 29 миң 110 даананы түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда дээрлик үч эсе көп. Алардын көбү Грузия, Корея жана Россиядан алынып келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button