Коом

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр арзандады. Тизме

Кыргызстанда бир апта ичинде айрым азык-түлүктөр арзандаганын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 21 жана 28-декабрга болгон маалыматтар салыштырылган. Көпчүлүк азык-түлүктүн баасы өзгөргөн эмес, бирок айрымдары кымбаттап же арзандаган.
Баасы түшкөн товарлардын тизмеси:

2,5-3,2% майлуулуктагы пастеризацияланган сүт — 69,4 сомдон 68,6 сомго;

күн карама майы — 153,7 сомдон 153,2 сомго;

картошка — 27,7 сомдон 27,6 сомго;

бензин АИ-80 — 55,3 сомдон 54,9 сомго;

бензин АИ-92 — 60,6 сомдон 60,3 сомго;

минералдык жер семирткичтер (карбамид) — 51 сомдон 50,3 сомго;

бир түк саман — 175,5 сомдон 175 сомго арзандаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button