Коом

Төрага Нурланбек Шакиевдин 2023-Жаңы жыл майрамына карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин 2023-Жаңы жыл майрамына карата куттуктоосу
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 2023 – Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Өтүп жаткан жыл өлкөбүз үчүн олуттуу окуяларга бай болуп, ири реформалар менен эсте калды. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу калктын жашоо-турмушун жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп, айлык маяналар, пенсия жана жөлөк пулдар жогорулатылды. Айрыкча, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө басым жасалып, шаарларда жана аймактарда көптөгөн мектептер курулду. Андан тышкары, экономикабызда да өсүштөр орун алып, стратегиялык маанидеги долбоорлор ишке ашырылууда. Алсак, “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолунун курулушу башталып, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун салуу багытында да алгылыктуу кадамдар жасалды. Кылым курулушу саналган бул долбоорлор ийгиликтүү бүткөрүлсө, Кыргызстаныбыз байыркы Жибек-Жолун кайра калыбына келтирээри анык.
Мындан сырткары, быйыл өлкөбүздүн бүтүндүгүн бекемдеген олуттуу чечимдер да кабыл алынып, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы мамлекеттик чек арабызды аныктап алдык. Бул ары татаал, ары жоопкерчиликтүү иш аягына чыккандыгы өлкөбүздүн келечеги үчүн өтө маанилүү. Мына ушундай чечкиндүү аракеттер менен жакынкы аралыкта Тажикстан менен чектешкен чек арабызды да тактайбыз деген ишеничтемин.
Кымбаттуу журтташтар!
Жогоруда айтылган бардык реформалар жана алгылыктуу кадамдар Жогорку Кеӊеш тарабынан да колдоого алынып, калк турмушун жакшыртууга багытталган кыйла жаӊычыл мыйзам долбоорлору жана эл аралык макулдашуулар кабыл алынды. Ар бир депутат шайлоочулар менен тыгыз иш алып баруу максатында аймактардан кабар алууну салтка айлантып, көйгөйлөрдү жеринде чечүүдө жигердүүлүгүн көрсөтүштү.
Айрыкча эл аралык бир катар уюмдарга мүчөлүк кылган парламентибиз, өлкө кызыкчылыгына ылайык, алардын бардык иш-чараларына жигердүү катышты. Анын ичинен достук менен боордоштуктун аянтына айланган Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйынын быйыл Чолпон-Ата шаарында ийгиликтүү өткөрдүк.
Ардактуу кыргызстандыктар!
Биз баарыбыз Кыргызстан деген куттуу үй-бүлөнүн мүчөлөрүбүз. Андыктан ар бирибиз күнөстүү өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн талыкпай эмгектенип, өз тармактарыбызда ийгиликтерди жаратуу менен алдыга жыла берели. Ар бир үйдө бакыттын күлкүсү жаңырып, коломтодон от, жүрөктөрдөн ыйман шамы өчпөсүн! Өлкөбүз өнүгүп, 2023-жыл кыргыз жергеси үчүн тынчтыктын, берекенин жана ырыс-куттун жылы болсун!
Жаӊы жылыӊыздар менен!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button