Коом

WhatsApp айрым уюлдук телефондордо 1-январдан тарта өчүрүлөт

Айрым уюлдук телефондордо жаңы жылдан, тагыраагы, 1-январдан тарта WhatsApp мессенджери өчүрүлөт. Бул тууралуу Россиянын сапат системасы мекемесинин (Роскачество) санариптик продуктуларды тесттен өткөрүү боюнча адиси Сергей Кузьменко «Прайм» агенттигине айтып берген.

Операциялык системасы (ОС) эскирген түзмөктөргө мессенджерди орнотууда катаал чектөөлөр күчүнө кирет. WhatsApp мессенджерин Android операциялык системасынын 4.1 жана андан кийинки версияларында, iPhone операциялык тутутмунун iOS 12 же андан жаңы версиясында, ошондой эле KaiOS 2.5.0 же анын кийинки версиясындагы чөнтөк телефондордо, анын ичинде JioPhone жана JioPhone 2 телефондорунда иштей берет.

Жаңы чектөөлөрдөн улам көптөгөн эски смартфондор мессенджерди колдоно албай калышат. Эскирген моделдердин ичинде iPhone 5 жана 5c телефону, Sony, LG, Samsung компаниясынын телефондору (4.1 операциялык системасындагы) бар.

Операциялык системанын версиясын смартфондун оңдоп-түзөө бөлүмүнөн текшерүүгө болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button