Коом

Кыргызстанда 2022-жылы кимдердин айлыгы көтөрүлдү? Тизме

Бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин социалдык жактан колдоо жана статусун жогорулатуу, ошондой эле алардын эмгеги үчүн кошумча стимул берүү максатында 2022-жылы эмгек акы 50%дан 100%га чейин көтөрүлгөн. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык:

— 2022-жылдын 1-апрелинен баштап медицина кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 50%га жогорулады;

— 2022-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы (мектепке чейинки, жалпы орто, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында) 80%га, административдик персоналдыкы – 50%га, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдыкы – 50%га жогорулады;

— 2022-жылдын 1-апрелинен тартып маданият, искусство, маалымат жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысы 50%га көтөрүлдү;

— 2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык камсыздандыруу системасынын 2850 кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 50 пайыздан 100 пайызга чейин жогорулатылды;

— 2022-жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлдү;

— 2022-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматчыларына кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатылган.

Ошондой эле, укук коргоо органдарын чыңдоо, эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуунун алкагында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы да жогорулатылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button