Коом

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 21-22-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, балбандар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 кг салмак категорияларында күч сынашат.

Мелдеш UWW эл аркалык уюмунун бекиткен эрежелеринин негизинде өткөрүлөт.

Чемпионат улуттук курама команданы түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкөнүн жаштарынын арасында күрөштү өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button