Коом

«Кыргызга сөз эркиндиги Батыштан эмес, ата-бабалардан калган»

Кыргызда канды курултай шайлаган. Кан бийлигин кийин-соң балдарына өткөрүп бергенге акысы болгон эмес. Бул тууралуу Бекбосун Бөрүбашов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

«Кыргызда отурукташкан элдерден айырмаланып бийлик монархиялык түзүлүштү алып жүргөн эмес. Манаста деле Бакай кан болгон, Манастын өзүн кан көтөрүбүз дешкен, айтор, бийликти кандай да болсо атадан балага өткөрүү коркунучу көчмөн элде жок болчу. Бул ата-бабаларыбыздын доорунда эркиндик болгонунан кабар берет. Демек, сөз эркиндиги да Батыштын алып келген демократиясынын негизинде эмес, көчмөн кыргыздардын өзүнүн мамлекеттик башкаруусунан тарта күнүмдүк жашоосунда эле жашап келгенин айгинелейт. Ошол эле жалпы курултайда алдын ала калкка кабар кетип, күн тартиби бекитилген. Себеби жер-жерлерде эл ошол маселени алгач өз алдынча талкуулап чыгып, бышырып, андан соң гана арасынан сөзгө чечен, акылы жетик бирөөсүн элдин өкүлү кылып жиберишкен. Мындай жыйындарда көтөрүлгөн маселе боюнча эреже, тартиптер кабыл алынган. Бул жерде эл акчасы көп же мансабы күчтүү эмес, тили жатык, акылдуу адамдарды өкүл кылып шайлашкан. Антпесе чоң жыйындарда ошол уруунунбу, же аймактагы калктынбы, маселеси чечилбей калмак. Көчмөн кыргыз калкы мына ушундай укуктук системаны түзүп алган. Ошондой эле аталган жыйындарда кабыл алынган тартип, эрежелерди ар бир аймакка ылайыкташтырып өзгөртүп да колдонушкан. Ал эми саясатта да меритократия (татыктуулардын бийлик жүргүзүүсү — ред.) принциби иштеген», — деди Бөрүбашов.
Окумуштуу көчмөн кыргыз элинин мамлекеттик башкаруусу көптөгөн жылдар бою тажрыйбанын негизинде куралып, жыйынтыгында таза атаандаштык менен башкарууга татыктуулардын келишин шарттаган система иштегендигин кошумчалады.
Булак: Спутник.кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button