Коом

Ишкерлерге ККМдин жаңы моделдерине өтүүгө дагы эки ай берилди

ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү эки айга узартылды жана аны колдонуудан бошотулган иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Минкабдын токтомуна ылайык, 2023-жылдын 1-мартына чейин ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү, ал эми 2023-жылдын 1-апрелине чейин товарларды идентификациялоо каражаттарынын коддору (товарларды маркалоо) жөнүндө маалыматтарды кассалык чектерде милдеттүү түрдө чагылдыруу мөөнөтү узартылды.

Мындан тышкары, базарларда, чакан базарларда, жарманкелерде жана көргөзмөлөрдө иш жүргүзгөн субъекттер 2023-жылдын 1-апрелине чейин ККМ колдонбостон иштей алышат (патенттин негизинде иш жүргүзүү шартында).

Ошондой эле ККМди колдонуудан бошотулган иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилди. Тизмеге төмөнкүдөй түрлөр киргизилди:

  • газета-журнал күркөлөрүндө газета жана журналдарды, ошондой эле алкоголдук продукцияларды жана тамеки буюмдарынан тышкары, башка товарларды сатуу
  • кол арабаларды, алып чыгуучу текчелерди, күркө жана ларектерди пайдалануу менен гүл өстүрүү продукцияларын, айыл чарба продукцияларын, нан азыктарын, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу
  • цистерна/челектерден квас, сүт, муздатылган жана улуттук суусундуктарды чекене сатуу
  • окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу кызматтары.

Толук маалыматты аймактык салык органынан же бул жерден алууга болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button