Коом

Кыргызстанда 2022-жылы жашоо минимуму 7 миң сомду түздү

2022-жылы киши башына жашоо минимуму 7178 сомду түздү. Бул тууралуу 13-январда Улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдиришти.

Белгиленгендей, бул көрсөткүчтөр 2021-жылга салыштырмалуу 14.5%га жогорулады. Бул азык-түлүк товарларынын бааларынын тынымсыз өсүшүнө байланыштуу болгон.

«2022-жылы эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8025 сомду түздү. Пенсия курагындагы калк үчүн 6395 сом, балдар үчүн 6099 сом», — деп белгилешти Улутстаткомдун өкүлдөрү.

2022-жылы жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда белгиленип, айына 7731 сомду түзгөн, бул республикадагы бүт көрсөткүчтөн 553 сомго же 7.7%га көп. Талас облусунда жашоо минимумунун эң төмөнкү көрсөткүчү 6731 сомду түзүп, 446 сомго же 11%га төмөн болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button