Коом

«Кыргызстандын юристтери» ассоциациясы башкармалыктын жаңы курамын бекитти

Үстүбүздөгү жылдын 13-январында «Кыргызстандын юристтери» ассоциациясынын мүчөлөрүнүн кезектеги жалпы чогулушу болуп өттү. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Жыйында күн тартибинде төраганын жана Башкармалыктын 2021-2022-жылдарга аткарган иштери тууралуу отчету каралып, 2023-2024-жылдарга жаңы төрага жана башкармалыктын мүчөлөрү шайланды.

Шайлоонун жыйынтыгы менен Кеңештин жаңы курамы жана төрагасы бекитилди:

  • Камил кызы Гузель — Башкармалыктын төрайымы
  • Абакирова Асель — Кеңештин мүчөсү
  • Иманалиева Наргиза — Кеңештин мүчөсү
  • Какешов Бакыт — Кеңештин мүчөсү
  • Каныбекова Бактыгүл — Кеңештин мүчөсү
  • Кайбылдаева Бегайым — Кеңештин мүчөсү
  • Мадалиев Рустам — Кеңештин мүчөсү
  • Океева Чынара — Кеңештин мүчөсү
  • Элебесов Аскар — Кеңештин мүчөсү.

«Кыргызстандын юристтери» ассоциациясы КРдагы юристтердин эң ири бирикмеси болуп саналат жана аталган коомдук уюм өлкөдөгү укук маселесине байланышкан бир катар темаларда юридикалык форумдарды, тегерек столдорду жана иш-чараларды өткөрүп келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button