Коом

Журналист: “Равшан Жээнбеков аркылуу каражат келип, мамлекетте баш аламандыкка максатталган”

«Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын соттук териштирүүсү «жашыруун» деген гриф менен өтөт. Кармалгандардын тарапкерлери сот ачык өтүшүн талап кылууда.  Алар сот ачык өтпөй турганын өздөрү жакшы билишет. Ошол үчүн “сырттагы” блогер, журналисттери, фейктери аркылуу “ачык каралсын, мында жашыра турган сыр жок” деген линияны жылдырымыш болууда.

Себеби бийликтин мындай чечим кабыл алуусуна чоң негиз бар. Бул «Кемпир Абадды шылтоо кылып бийликти алмаштырабыз дегендердин артында башка мамлекеттердин атайын кызматтарынын туруусу. Алар Кыргызстандагы жайылтылган өкмөттүк эмес уюмдары, узак жылдап чоң каржат берип жүрүп өстүргөн “кадрлары” аркылуу каражаттарды өлкөгө алып кирип, андан ары арам ойлорун ишке ашыруу үчүн бөлүштүрүп турушкан. Алардын “казначейи, инкассатору” Равшан Жээнбеков. Эсиңиздерде болсо, “Кемпир-Абадды коргоо кыймылы” жолугушуу өткөргөн кафедеги сүйлөшуүлөр коомчулукка чыгып, анын ичинде Гулнара Журабаеванын “…журналист, блогерлер жазгыла, тик-токко чейин чыгыш керек ..” деген жайы бар. Бул багыттагы кампанияга ири сумма каралган.

Башкы максаты – бийликти күч менен алмаштыруу.

Эми, чын эле ушундай четтен каржылоо болсо, фактылар кана деген суроо болушу мүмкүн. Фактылар бар. Кайсыл чет өлкөнүн жараны кайсыл өкмөттүк эмес уюмга канча каражат которгону, кайсыл активистке канча миң “жашылбайды” нак санап бергени, кайсыл саясатчы кайсыл чет өлкөлүк куратору менен байма-бай жолугуп, баалуу инструкцияларды алып турганынан бери так фактылар бар. Болгону алар коомчулукка чыгып кетсе эл аралык мамилеге доо кетет.

Эл аралык тажрыйбада кайсыл бир мамлекеттин өкүлдөрү ички ишке кийлигишкени такталса ал мамлекет менен карым-катышты дароо үзүп салбай, дипломатиялык каналдар менен нота жиберип, өз ара түшүндүрүү иштери жүрөт. Ошол эле учурда кармалгандар боюнча соттук териштирүүлөр жабык өтөт берет. Мына ушундай».

Автору журналист Баяна Кулова. Макала Facebook социалдык тармактагы баракчасынан алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button