Коом
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү
Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин актуалдуу маселелерин конструктивдүү маанайда талкуулап, 2023-жылга карата эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын белгилешти.