Коом

Курманкул Зулушев: Былтыр аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукка байланыштуу 6 580 кылмыш ишин козголгон

Башкы прокурор Курманкул Зулушев: Былтыр аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукка байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан 6 580 кылмыш иши козголгон.
Бул тууралуу ал прокуратуранын 2022-жылдагы ишмердиги боюнча 31-январда өтүп жаткан басма сөз жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, бул 2021-жылга салыштырмалуу 4 290 ишке аз.
Былтыр аялдарга жасалган кылмыш иштеринин 2 709у сотко жөнөтүлүп, 1 937и өндүрүштөн кыскартылып, 1 305 иш токтотулган. Ал эми 781 иш тергелип жатат.
“Бул маселе актуалдуу болгондуктан прокуратура органдары балдарга жана аялдарга каршы жасалган кылмыш иштеринин тергөөсүнө көзөмөлдү күчөтөт деп ишенимдүү айтам”, — деди башкы прокурор.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button