Коом

Акылбек Жапаров: Бишкекте криптовалютанын көмүскө жүгүртүүсүнүн көлөмү күн сайын 10 млн долларды түзөт

Бишкек шаарында эле криптовалютанын көмүскө жүгүртүүсүнүн көлөмү күн сайын 5 миллиондон 10 млн долларга жетет. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров «Digital Almaty 2023: жаңы реалдуулукта санариптик өнөктөштүк» санариптик форумунун пленардык жыйынында айтты.

Анын айтымында, банк секторуна киргизилген чектөөлөр (Visa жана MasterCard системалары аркылуу акча которуулар) Кыргызстанда криптовалютанын өнүгүшүнө олуттуу түрткү берген.

«Мен криптовалюта өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө оң жана терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейм. Криптовалюталардын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири ар кандай факторлорго, анын ичинде өлкөнүн жөнгө салууга болгон мамилесине жана жарандар менен ишканалардын криптовалюталарды кабыл алуу деңгээлине жараша болот. Бул технологиялардын потенциалы таасирдүү, бирок бир катар себептерден улам аларга этияттык менен мамиле кылуу керек», — деди Жапаров.

Ошондой эле ал жасалма интеллектке негизделген ар кандай жаңы технология рынокко кирээрден мурда жөнгө салуу маселелери чечилиши керек деп белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button