Коом

«Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын долбоору иштелип чыкты

Өлкөнүн экспорттук потенциалын жана ата мекендик продукциянын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Экономика жана коммерция министрлиги 2023-2026-жылдарга «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын долбоорун иштеп чыкты.

Министрликтин берген маалыматына таянсак, мамлекеттик жана жеке секторлордон кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү менен консультациялар жана жолугушуулар уюштурулган.

Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча бул экспорттук программа экспорттун төмөнкү товардык түзүмү боюнча чараларды көрүүгө багыттала тургандыгы аныкталган:

  • Текстиль жана тигүү, анын ичинде салттуу кол өнөрчүлүк, бут кийим
  • жемиштерден жана жашылчалардан даяр азыктар
  • жаңгактан жана буурчактан даяр продукция
  • даяр кургатылган азыктар
  • бал жана бал азыктары
  • Сүт азыктары
  • эт азыктары
  • балык азыктары
  • зергер буюмдары
  • алкоголсуз, анын ичинде улуттук суусундуктар.

Жолугушуулардын жана консультациялардын жүрүшүндө сунушталган бардык чаралар эске алынган, ошондуктан Программанын түзүмүнө төмөнкүдөй секторлор киргизилген:

  • экспортту стимулдаштыруу жана жылдыруу
  • соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү
  • Сапаттуу инфраструктураны колдоо жана өнүктүрүү
  • Финансылык ресурстарга жетүү.

Учурда Программанын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button