Коом

Кыргызстандын маморгандарынын кызматкерлери бир күндүк маянасын Түркияга жардамга которууда

Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маяналарын материалдык жана каржылык жардам катары которууну улантууда.

Буга чейин бир күндүк эмгек акысын төмөнкү мамлекеттик органдар которду:
— КР президентинин администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери;
— КР Финансы министрлигинин кызматкерлери;
— КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери;
— КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери.

Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондор 9 миң 57, ал эми жабыркагандар 57 миң 979 адамга жеткени кабарланды.

Эске салсак, Кыргызстанда Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө каражат топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалаган ар бир адам каражат которо алат:

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);

Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;

Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Ошондой эле КР ӨКМ түз байланышы иштөөдө.

Маалымат үчүн номерлер:

— ӨКМ —112;

— КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button