Коом

ИИМ: Улан Ниязбеков Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Ички иштер министри Түркияда катталган жер титирөөдө курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жабыркагандар тез арада сакайып кетишин каалады.

 

“Түркия жергесинде орун алган оор табигый кырсыкты – жер титирөөнү, анын кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу жана жабыр тарткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана жалпы боордош Түркия элине Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм, ошондой эле кырсыктан жабыркаган жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалаймын.

Жараткан жалпы Түркия элине сабырдуулук, кайраттуулук, чыдамкайлык берип, ылайым тынчтык өкүм сүрүп, кайгылуу окуялардан алыс кылсын”,-деп көңүл айтуу сөзүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркия элине жолдоду.

Ички иштер министрлигинин атынан 3 тоннага жакын гуманитардык жардам жиберилди. Алардын ичинде одеялдар, уктоочу каптар, карематтар (кичинекей килемчелер), чатырлар, жылыткычтар бар.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button