Коом

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштер уланууда

 2023-жылдын 12-18-февралында Фергана шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун мындан ары бекитүүгө даярдашты, ошондой эле чек аранын айрым участокторун жер-жерлерде изилдөө Графиги макулдашылды.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button