Коом

Япония Кыргызстанга Баткендин жолун оңдоого 5.3 млн доллар берет

Япония өкмөтү Баткен облусунун жолдорун калыбына келтирүүгө 5.3 млн доллар бөлүүдө. 20-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында тиешелүү долбоор тууралуу Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Акуналы Досалиев баяндама жасады.

Транспорт министринин орун басарынын айтымында, бөлүнгөн грант Баткен районунун жолдорун оңдоого, ошондой эле 53 техниканы: майдалагыч, асфальт төшөөчү машиналарды алууга жумшалат. Ошондой эле асфальт-бетон заводу курулат.

«Бул жолдордун сапатын сактап калууга жардам берет», — деп кошумчалады министрдин орун басары.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү макулдашуунун долбоорун жактырышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button