Коом

Март айында кыргызстандыктар беш күн эс алат

Март айында Кыргызстанда эки майрам белгиленет, ошол эле учурда эки ишемби иш күнгө которулган. Бул боюнча министрлер кабинетинин токтому чыкты.

8-март (шаршемби) Эл аралык аялдар күнү катары дем алыш деп белгиленди.

Ал эми Нооруз майрамына карата 18-марттан 21-мартка чейин төрт күн катары менен эс алабыз:

18, 19-март — ишемби жана жекшемби

20-март (дүйшөмбү) 29-апрелге (ишембиге) жылдырылды

21-март — Нооруз (майрам күн)

Ошондой эле 11-мартта (ишемби) 5-январдын эсебинен иштейбиз. Ал эми 6-январдагы иш күнү 25-мартка (ишемби) жылдырылган. Эске салсак, кыргызстандыктар 1-январдан 9-январга чейин эс алышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button