Коом

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылы тарыхый рекордго жетти – элчи

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашып, эки тараптуу мамилелердин бардык багыттары боюнча, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуу жаатында жигердүү иштерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Комитет төрагасы Улан Примов саясий колдоо жана экономикалык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыт болуп саналган эки тараптуу мамилелер прогрессивдүү өнүгүп жатканын айтты. Ал Кытайдын колдоосу менен Кыргызстан үчүн чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон түрдүү тармактарда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолду. Тагыраагы, Улан Примов Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун илгерилетүү жана биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Экономикалык кызматташуу боюнча Улан Примов кыргыз тарап Кытайды негизги өнөктөштөрдүн бири катары баалап, өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана түрдүү багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. «Азыркы учурду соода-экономикалык мамилелерибиз динамикалуу түрдө өнүгүп, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытай Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүндө биринчи орунда турат», — деди ал.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп: «Кызматташтыктын бардык тармактарында биз чоң натыйжаларга жана оң жылыштарга жетиштик. Биздин өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылы тарыхый рекордго жетип, 3 млрд 500 млн АКШ долларын түздү. Бирок бул көрсөткүч чек эмес, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар», — деди элчи.

Мындан тышкары, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулап, бул багыттагы олуттуу жетишкендиктерге токтолушту. Улан Примов 14-чү чакырылыштагы Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын келе жаткан сессиясы менен куттуктап, Кытай менен парламенттер аралык алакаларды мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button