Коом

УКМКнын А.К. Бакаев атындагы институтунда “КРнын жогорку окуу жайларынын окутуу ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери” деген темада тегерек стол болуп өттү

2023-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын УКМКнын генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы институтунда КР УКМК институтунун 30 жылдыгына арналган “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын окутуу ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери” деген темада тегерек стол болуп өттү.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун, КР ИИМнин Академиясынын, ошондой эле өлкөнүн алдыңкы университеттеринин өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө билим берүү системасынын, анын ичинде өлкөдөгү жогорку билим берүүнүн абалы туралуу актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын билим берүү системасында заманбап IT-технологияларды, жасалма интеллектти колдонуу, окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүү жана башка билим берүү тармагындагы жаңы тенденциялар жана багыттар белгиленди.

Соңунда тегерек столдун катышуучулары менен КР УКМКнын институтунун билим берүү тармагында кызматташуусу тууралуу макулдашуулар болду, -деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button