Коом

Таластагы IT-мектептин эки бүтүрүүчүсү россиялык Aifello компаниясына жумушка чакыруу алды

2023-жылдын 6-мартында Талас мамлекеттик университетинде «Альянс Алтын» ЖЧКсы менен россиялык Aifello компаниясынын биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашырылган IT-технологияларды функционалдык тестирлөөнүн негиздери боюнча эки айлык курстун акыркы туру өттү.

Маалыматтык технологиялар тармагында адистешкен Aifello 15 студентке эки айлык окуу уюштуруп, алардын 11и IT-технология боюнча кесиптик курстарды аяктагандыгы тууралуу тиешелүү сертификаттарга ээ болушту. Экзаменден эң жогорку балл алган эки студент орусиялык компанияга иштөөгө чакырылды. Калгандары кадрдык резервге киргизилди. Алынган сертификаттар студенттерге КРнын IT-компанияларында программалоо тармагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Сертификаттарды тапшыруу аземине Талас мамлекеттик университетинин ректору Самат Жумалиев жана «Альянс Алтын» компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Канатбек Сарчаев катышты. Алар катышуучуларды долбоордун ийгиликтүү аякташы менен куттукташып, окуудан өткөн студенттер кымбат баалуу окууларды бекер алуу мүмкүнчүлүгү үчүн Альянс Алтын компаниясына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Өз кезегинде россиялык IT-эксперттер кыргызстандык жаштардын активдүүлүгүнө баа берип, алардын профессионалдык чөйрөдөгү жогорку потенциалын жана келечегин белгилешти.

Булак: Экономист.кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button