Коом

«Кыргызиндустрия» пластик түтүктөрүн чыгаруу боюнча долбоорду ишке киргизди

«Кыргызиндустрия» ААК ПВХ түтүктөрдү чыгаруу боюнча долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматтка ылайык, ПВХ түтүктөрдү (канализациялык түтүктөр) жана таза суу үчүн түтүктөр чыгаруу боюнча «Кыргызпластик» ЖЧК түзүлүп, өз ишин баштады.
«Кыргызиндустрия» ААКнын колдоосу менен бул ишкана чийки зат сатып алып, жабдууларын жаңылоого жетишти.
Компания азыр 25 адамды иш менен камсыздап, келечекте иш орундардын санын 50гө чейин көбөйтүү пландалып жатат. Өндүрүштүн жылдык көлөмү 1 100 тоннаны түзөт. «Кыргызпластик» ЖЧК Бишкек ЭЭЗдин аймагында жайгашкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button