Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.
Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты.
Алгач түркмөнстандык балбанды 9:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өттү. Анда Махмудов япониялык Кодай Сакурабага каршы килем үстүнө чыкты. Бул күрөштө кыргыз балбаны кыйла күчтүү экенин далилдеп, атаандашын 9:1 эсебинде утту.
Ал эми финалда Махмудов ирандык балбан Амин Явар Кавиянинежад менен кармашмак. Бирок ирандык спортчу бутунун жаракатынан улам күрөшө албай турганын билдирип, алтын байге Акжолго берилди.
Акжол Махмудов 2018-жылы жана 2022-жылы өткөн Азия чемпионатында алтын байгеге татыган.
Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.