Коом

ИИМ: Студенттер менен биргеликте жаштар арасындагы экстремизмге каршы аракеттер талкууланды

2023-жылдын 13-апрелинде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучулук курамдын, студенттердин катышуусунда «Учурдагы Кыргызстандагы жаштар арасындагы экстремизмге каршы аракеттер» аталыштагы тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш-чаранын максаты жаштар арасында экстремизмдин жайылышын алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп эсептелет. Тегерек стол И.Арабаев атындагы КМУнун  жетекчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңеши жана Ички иштер министрлиги биргеликте уюштурушкан.  

Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелерди жаштар менен бирге талкулоону көздөгөн бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Реформаларды иштеп чыгуу, мониторинг жана анализдөө бөлүмүнүн башкы эксперти Замир Турсунбеков, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Манас Аманбаев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясынын Экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов катышты.  Алар Кыргызстандын экстремизмге жана терроризмге каршы жүргүзгөн мамлекеттик саясаты, ченемдик-укуктук актылары, бул багыттарда укук коргоо органдары, анын ичинде Ички иштер министрлиги тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат беришти.

Иш-чаранын аягында студенттер менен келген коноктор арасында суроо-жооптор берилип,  кенен маек курулду.

Андан соң, Университеттин ректору Айгүл Абдраева бүгүнкү иш-чарага келип, маалымдоо-агартуучулук иштерин жүргүзгөн катышуучуларга ыраазычылык каттарын тапшырды.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button