Коом
5-майга карата аба ырайы
Бүгүн республика боюнча күн ачык болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +15…+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көл өрөөнүндө +8…+13, Нарында +7…+12 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +18…+20 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +24…+26 градуска жетери болжолдонду.