Коом
10-майга карата аба ырайы
Бүгүн республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +25…+30, Ысык-Көлдө +16…+21, Нарында +20…+25 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28…+30, Ош шаарында +28…+30 градус болот.