Коом

ИИМ мыйзамсыз уюшулган каржы пирамидаларын жарыялады

Ички иштер министрлиги өлкөдө мыйзамсыз уюшулган каржы пирамидаларын жарыялады. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, калганы Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Алар:

Бишкек шаары боюнча;

— “Мега Инвест”, “Элиза үй буюмдары”, “Асыл айымдар”, “Финико”, “Файв виндсассет мейважмемт” жана “ОК платформа” каржы пирамидалары;

Ош шаары боюнча:

“Ордо-Мурас” каржы пирамидасы;Ысык-Көл облусу боюнча: “Аруке”, “Жүрөкө-Жүрөк” жана “Балыкчы Ынтымагы” каржы пирамидалары;

Нарын облусу боюнча;

“Мега Инвест” жана “Элиза үй буюмдары” каржы пирамидалары;

Чүй облусу боюнча;

«Алмаз Авто» каржы пирамидасы.

Жалал-Абад облусу боюнча;

“Ансар групп”, “Ихсан ЛТД групп” жана “МПК” коммерциялык эмес кооперативдери.

Талас облусу боюнча;

“Эл Биримдик”, “Нворк” жана “Куестро Ворд” каржы пирамидалары.

Өткөн жылы каржы пирамидаларды уюштуруу фактысы боюнча 1052 кылмыш иши козголуп, 765 иш соттук кароого жиберилген. 129 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылып, 4 кылмыш иши токтотулган. Калган 153 кылмыш иш боюнча тергөө амалдары улантылып жатат.

Келтирилген материалдык чыгым 273 миллион сомдон ашып, анын 481 000 сомдон ашыгы ээлерине өндүрүлүп берилген.

2023-жылдын 3 ай ичинде каржы пирамидасын уюштурууга байланыштуу 54 кылмыш иши козголуп, эски жылдан 153 иш өтүп, жалпы 207 кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүлгөн. 67 иш соттук кароого жиберилип, 1 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылып. Учурда 138 иш боюнча тергөө амалдары улантылууда.

“Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды талдап келгенде, жеңил акчанын артынан түшкөн жарандарыбыз аз убакыттын ичинде чоң дивиденддерди убада кылган “кайрымдууларга” карызга батып, акча берип алданып келет”, — деп билдирет ички иштер министрлиги.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button