Коом

«Унаа» мамлекеттик мекемеси колдонуудан чыккан номерлерди сатыкка койду

«Унаа» мамлекеттик мекемеси колдонулган жана жокко чыгарылган автоунаалардын номерлерин металл катары сатыкка койду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Түстүү металлдардын (лом алюминий) салмагы 56,9 тоннаны түзөт. Аукцион 20-июнда өтүп, бирдиктүү пакет менен сатылат. Бөлүштүрүү мүмкүн эмес.

Аукционго катышуу үчүн табыштамалар 12-июнга чейин Бишкек шаарынын Ч. Валиханов көчөсү, 2а дарегиндеги «Унаа» мекемесинде (№5 кабинет) кабыл алынат. Иштөө убактысы саат 9:00дөн 18:00гө чейин.

Бир килограмм металлдын баштапкы баасы 100 сом деп белгиленди. Сатуудан түшкөн каражаттын баары мамлекеттик бюджетке которулат. Былтыр да ушундай аукцион өтүп 74,6 тонна алюминий 7 миллион 412,3 миң сомго сатылган.

Колдонуудан чыгарылган мамлекеттик номерлерди мыйзамсыз пайдаланууну алдын алуу максатында алар утилизацияланат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button