Коом

Кыргызстанда 93,4 миңден ашуун үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф төлөйт

Кыргызстанда 93,4 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф менен төлөшөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр ай сайын керектелген 700 кВт саатка чейин электр энергиясы үчүн тарифи 50 тыйын төлөшөт.

Облустардагы электр энергиясына жеңилдетилген тариф менен төлөгөн үй-бүлөлөр төмөндөгүдөй:

• Бишкек шаары – 562 үй-бүлө;

• Ош шаары – 1057 үй-бүлө;

• Чүй облусу – 2302 үй-бүлө;

• Талас облусу – 5155 үй-бүлө;

• Ысык-Көл облусу – 5134 үй-бүлө;

• Нарын облусу – 5550 үй-бүлө;

• Баткен облусу – 12 656 үй-бүлө;

• Ош облусу – 28 695 үй-бүлө;

• Жалал-Абад облусу – 32254. үй-бүлө.

Эскерте кетсе, 2022-жылдын 1-январынан тарта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ай сайын 700 кВт саатка чейин электр энергия тарифи 50 тыйынга төмөндөгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button