Кылмыш-кырсык

Нарын университетинин мугалими УКМК өкүлүнө 4000 доллар пара берип кармалды

Нарын мамлекеттик университетинин Магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун Б.М.А. аттуу директору УКМК кызматкерине 4000 доллар өлчөмүндө пара берип жатып кармалганын аталган комитет билдирди.

Маалыматта борбордо студенттерди кабыл алуу эрежелерин бузуу, чет элдиктерге диплом сатуу сыяктуу мыйзам бузулган учурлар териштирилип жатканы айтылат.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Б.М.А. кылмыш иштин оң жагына чечилиши үчүн УКМК кызматкерине пара сунуштаган. Териштирүүнү токтотуу маселеси талкууланып жаткан учурда окуу жайдын проректору А.Ж. да болгон. Борбордун директору комитеттин кызматкерине 4000 доллар берип жаткан учурда кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү иштер уланып жатат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button