Коом

Кочкор-Ата шаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланды

Жалал-Абад облусуна караштуу Кочкор-Ата шаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Окуя ушул жылдын 11-майында №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинде болгон.

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматына караганда, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде медицина кызматкерлери тарабынан саат 13.00дө 6-7-8-класстардын 100дөй окуучусуна лекция окулган. Саат 13.30дар чамасында лекцияга катышып жаткан окуучулардын арасынан 3-4 окуучу өзүн жаман сезип, эс-учун жогото баштаган.

Мугалимдер “Тез жардам” кызматын чакырып, Кочкор-Ата жалпы дарыгердик практикалык борборуна 42 окуучу жеткирилген. Анын ичинен 14 бала үйүнө чыгарылып, 28 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Учурда окуучулардын абалы туруктуу.

Министрликтен кошумчалашкандай, учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Жергиликтүү администрациянын жана оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун көрсөтмөсүнө ылайык, 12-майдагы сабактар 20-майга, 13-майдагы сабактар 25-майга жылдырылды. 12-13-май күндөрү мектепти дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Аталган мектепте жалпы 1132 окуучу бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button