Коом
1-июнга карата аба ырайы
Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +25…+30, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көлдө +21…+26, ал эми Нарында +16…+21 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +28…+30, Ошто +30…+32, ал эми Чолпон-Атада +21…+23 градуска жетет.