Коом
Бишкектин аялдамалары кызгылт сары түскө боёлду
Бишкектин аялдамалары кызгылт сары түскө боёлду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, аялдамаларды жакшыртуу менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы алектенет.
Жибек Жолу проспектисинде Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки аялдама комплекстеринин рамкалары ачык кызгылт сары жана боз түскө, ал эми отургуч жана таштанды салгычтар ачык мандарин түскө боёлду.
Фучик көчөсүндөгү бир аялдаманын сыры жаңыртылды.
Ошондой эле, К.Акиев — Киев көчөлөрүнүн кесилишинде 3 комплект сырдалып бүттү.
Абдрахманов көчөсүн бойлой Жибек Жолу проспектисинен «Келечек» конушуна чейин жана Д.Сяопин көчөсүн бойлой Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки аялдамалардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу пландалууда.