Коом

Бишкектин борборундагы ири өрт дагы деле өчө элек

 Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү ири өрт чектөөгө алынганы менен дагы деле толук өчө элек, кампалар түтөп жатат.

Эске салсак, Октябрь районуна караштуу Матросов көчөсү 1А («Сырбаза») дарегинде жайгашкан кампалардан өрт чыгып, саат 01:39дан тарта тилсиз жоо менен күрөш башталган.
ӨКМдин берген алдын ала маалыматы боюнча, өрт адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес.
ӨКМ Бишкек шаардык куткаруу кызматынын адистери кычкылтектин 22 баллону, пропан толтурулган беш баллон тез арада чыгарылып кетип, ири жарылуунун алдын алышкандыгын билдирген.
Министрликтен ишкерлерге канча зыян келгени азырынча белгисиз экенин айтышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button