Кылмыш-кырсык

Сот Курманбек Бакиевди Кумтөр иши боюнча 30 жылга эркинен ажыратты

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди 2013-жылдагы “Кумтөр” иши боюнча үй-мүлкүн конфискациялоо менен 30 жылга эркинен ажыратты.

Соттун маалыматында айтылгандай, президент жана кылмыш иши боюнча башка айыпталуучулар КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен соттолушту.

Ошондой эле мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев үй-мүлкүн конфискациялоо менен мөөнөтүн өзгөчө режимдеги колонияда өтөө үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды.

Сот Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчисинин мурдагы орун басары Алексей Елисеевди 30 жылга эркинен ажыратып, мамлекеттик кирешеге 15 миң сом айып пул салуу жана мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарды.

Дүйнөлүк банктын аткаруучу директорунун мурдагы кеңешчиси Садриддин Жиенбеков үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылды.

Финансы министринин мурдагы биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев 12 жылга эркинен ажыратылды. Соттун өкүмүнө ылайык, ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөөсү керек. Анын үй-мүлкү конфискацияланып, ошондой эле үч жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды.

Өкмөттүн аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Елена Белковская үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылды.

Мурдагы жаратылыш ресурстары министри Капар Курманалиев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды.

Бул кылмыш иши 2013-жылы «Кумтөр Голд Компани», «Центерра Голд» жана «Кыргызалтын» ААКтын ортосунда келишимге мыйзамсыз кол коюу фактысы боюнча козголгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button