Маданият

Бишкекте Беларустун маданият күндөрү өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-июнь күндөрү Бишкекте Беларусь Республикасынын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-июнда «Манас» кинотеатрында Беларусь киносу күндөрүнүн расмий ачылышы болуп, беларустук режиссерлордун кинотасмалары коюлат. Ал эми 14-июнда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Беларусь делегациясы менен Кыргызстандын маданият жана искусство окуу жайларынын өкүлдөрү жолугушат.

Ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында беларус артисттери гала-концерт беришет.

Министрлик жогоруда аталган иш-чаранын программасы дос өлкөнүн тарыхын, маданиятын жана музыкалык салтын кенен чагылдырарын кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button