Күндүн нуру, айдын шооласы, эненин мээрим сүтү менен дүйнө сүйкүмдүү.

 Сүйүү бул бир нерсеге мээрин төгүп, бир нече туйгулардан тараган ажайып сезим.

Мисалы: Кыз-жигиттин ортосундагы жүрөк туйгусу. Мекенди сүйүү арзуусу. Жүрөктөн чыккан жакшы көрүү, жактыруу, ашык болуу, ышкы түшүү, сүйүүнүн жаралышына себеп болот. Кайсы бир өнөр кесипке өмүрдү арнап, берилүү да сүйүүнүн бир түрү. Ага мындай сыпаттамалар таандык:

Арзуу. Арзуу кылуу аркылуу адам көп нерсеге жетет. Мисалы ак халат кийген дарыгерди көргөн бала келечекте дарыгер болом деп кыялданат. Ал анын арзуу-авазы, кыялы болуу менен келечекте дарыгерлик кесипти тандашына алгачкы түрткү болуп эсептелинет. Мындай арзуулар аркылуу бири мугалим болсо, бири дарыгер, бири шоопур, дагы бири башка кесиптин ээси болуп чыга келет.

Кызыгуу. Кайсы нерсени кыялында ыклас кылган болсо, ага кызыгып, күн-түн аны ойлой баштайт. Ошентип олтуруп, ал арзуу кылган бир кесипке же өнөргө ээ болот.

Умтулуу. Ар бир адам турмушта өз ордун табуу үчүн умтулат. Барган сайын ал умтулуу өсө берет. Улам умтулат. Антпесе өз каалаган нерсесине жетпей калышы ыктымал.

Эңсөө. Ал жөн эле умтулбайт. Эңсөө менен умтулат.

Ыклас. Эгер ал эңсөөсүнө чын жүрөктөн берилип ыклас кылса ал ага жетет.

Каалоо-тилек. Кишиде каалоо-тилек болбосо аны зордоого болбойт. Ошон үчүн каалоосу күч, тилеген тилегине гана ар инсан жете алат.

Дүйнөгө жакшылык издеп келген ар бир адам бактылуу болууга акылуу. Бактылуу болуу үчүн калыс ниет, арзуу, ишенич менен бирге келечекке умтулуп жашоо керек.

Аалам сызыктары жаралгандан тарта адамзат тилек-ниетсиз, эңсөөсүз жашашы мүмкүн эмес.

Жараткан жер жүзүндөгү бардык макулуктардын арасында адамзатка арзуу, сагыныч, кусалык, кубаныч, эңсөө сыяктуу сезимдер менен бирге акыл-ойду, ал сезимдерди жеткирүүчү тилди берген. Ким жаратканга жакын болсо туура жолдон адашпайт. Талаада гүл да, тикен да аралаш өсөт. Сөз талаадагы гүл тууралуу болсун. Турмуштун улуу сапарына кадам таштаган ар бир инсан эң башында өзүн баалай билүүсү зарыл. Кандай учур болбосун үй-бүлө деген ыйык нерсени жүрөк тереңинде бийик коюп жашасын. Ар бир адам коомдо өзүн керексиз жана ашыкча сезип калбашы үчүн коомдогу адамдардын жашоолорунан сабак алып, адамзаттын жалпы кызыгуусуна этибар кылып, өз жашоосун туура нукка буруп алганы жакшы. Коомдогу алдыңкы адамдардын жашоосу сыяктуу жеңиштерге жетүүгө, ийгиликтерди багынтууга өзү дагы аракет кылсын. Жакшы менен жаманды ажырата билсин. Адам пикир жаратуучу кудуретке ээ. Адамды бири-биринен алардын жеткен акылдары айырмалап турат. Акылы тунук жана акылы жетик пенде коомдо да өзүнүн ордун табат. Бир ишти баштар алдында да акылын пештеп, жети өлчөп бир кесип алган киши адашпайт да, коом арасында кадыр-баркка ээ болот. Кайсы бир кесипти тандаса ага чын дилден ак мээнетин арнап, кесипке болгон өз сүйүүсүн жаратып алган инсан ийгиликке жетишет. Ар ким ошол кесипти өзү гана тандап, өзү сүйүп куштарланбаса аны зордоого болбойт. Кесибин, өнөрүн сүйүп, ага ызаат менен мамиле кылгандын жолу өзүнөн өзү ачылат. Сүйүктүү деген сөздүн өзү ар бир нерсеге дилдеги жакындыкты пайда кылат. Мисалы сүйүктүү курбу, сүйүктүү мугалим, сүйүктүү китеп, сүйүктүү музыка ж.б.

Сүйүктүү сөзүн уккан ар бир адам эң биринчи жигит менен кыздын ортосундагы сүйүүнү эстеп алаары айкын. Эркектин кабыргасынан аялдын жаратылышынан бери сүйүү, арзуу адамзатка мурас болуп келаткан нерсе. Адам ата менен Обо энеден тараган ар бир баланын бири эркек, бири кыз болгон. Мурдагы төрөлгөндөр балдар кийинки төрөлгөн кыздарга үйлөнө башташкан. Анда бир уулу өзү менен бирге, бир убак, бир мезгилде төрөлгөн кызды жакшы көрүп калып, ошого үйлөнөт. Мына ушул мисалдан алсак, сүйүү адам жаралгандан жүрөктөн чыккан сезим болгон. Бул жараткандын гана каалоосу.

Дүйнөгө жакшылык үчүн жаралган ар бир инсан бактылуу болууга акылуу. Бактылуу болуу үчүн калыс ниет, арзуу ишенич менен бирге келечекке умтулуп жашоо лаазым. Аалам сызыктары пайда болгондон баштап эле турмушта кайгы-капасыз, тилек, ниетсиз адам болбойт. Ааламга жаралган ар бир майда жандыктан баштап, өсүмдүктөрдөн бери жашоо үчүн күрөшөт. Дегеле бул дүйнөдө жансыз нерсе жок деп ишенем.

Сүйүү сезиминин белгилери төмөнкүлөр болот:

Кыз же жигит бир көрүштөн жүрөк түрсүл кагып сүйүп калышы.

Кыз менен жигит нике түнүнөн баштап, бири-биринен ажыралгыс болуп бири-бирине ыктоосу.

Бири-бирине өтө берилүү менен, бири болбосо жашоо токтоп калчудай абалда калышы.

Ышкы оту жанып, эс-көөнүнөн кетпес абалда калып, сүйгөн адамы жөнүндө ойлой берүү.

Арзуусу үчүн бул жашоонун бар жогуна кайыл болуп, ал үчүн бардык нерсеге даяр болуу.

Уламышка айланган сүйүүлөр да кездешет.

Арзуу оту көзгө көрүнүп, башкаларга да ал сезими сезилерлик болуп турат. Сүйүү учкуну жүрөк тереңин ээлеп, ашыглык оорусу күндөн күнгө күчөп, сүйүүнүн чын мааниси барган сайын сезилет. Натыйжада сүйүү шарабы кишини мас абалга салып коет. Арзуусуна жетпесе айыкпастай дартка кабылат. Бул ушундай дарт көзүн жумса да көз алдына элеси тартылып дартынан сакаят, көзүн ачса элесин жоготуп арзуу дарты күч алат. Элесин эңсейт. Эми ал жалгыз эмес, кулак түбүнө сүйгөн адамынын үнү жаңырып, же шыбырап, отурса да, турса да элеси жаркырап чыга келе берет. Сүйүү дөөлөт-сөөлөт тандабайт. Сүйүлүп, сүйүлмөк бактылуулук тартуулайт. Сүйүү шарабын татып көрбөгөн дил ал дил эмес. Бул чыныгы сүйүү эрежеси. Бирок турмушта алдамчы сүйүү да аралаш жүрөт. Мындай сүйүү махабатка көлөкөсүн түшүрүп, аны кууратканга жол болуп берет. Мындай сүйүү кыз менен жигитти акыр түбү кайгыга малынтып, арманга айландырат. Бакты колдон сууруйт. Ошон үчүн сүйөм деген калп сөзгө ишене бербеши, бираз болсо да өз сезимин башкарып акыл пештеши зарыл. Жашоодо өзү ушунчалык бирөөнү сүйүп, аны эч ким сүйбөгөндөр, армандуу өткөндөр да кездешет. Дүнүйө-мүлк деп чыныгы сүйүүдөн куру жалак калгандар да болот.

Сүйүү бул жүрөккө от чачып туруучу бир ажайып сезим.

Сүйүү турмушка жол ачат. Арзуулуу үй-бүлө курууга башат болот.

Сүйүү сүйкүмдүү, махабат эрежесиз болот.

Махабат бул жүрөктөн жүрөккө жетүүчү ыйык сезим.

Сүйүү махабатка айланса гана турмуш маани-мазмундуу болот.

Ким эгер чыныгы махабатка кабылса сүйгөнүнүн атын угар замат толкунданып, көздөрү жанып, бактылуу абалга чөмүлөт. Анткени махабат деген бул жайкы саратандын аптабындай жүрөк ысытып, андан денеге тарайт. Сүйүү өзүнө жакындыкты пайда кылат.

Махабат бул аял-күйөөнүн ортосундагы бири-бирине болгон ишеним. Мээр –арзуудан чыныгы жаралып чыныгы жашоого айланат. Кечээги кыз бүгүнкү келин, эртеңки эне. Жигит болсо жан жолдош, ата деген улуу наамга жетет. Эми аял-эркек бир үй-бүлө түптөп, төрөлгөн балдарынын келечегине кам көрүү, алардын алдындагы милдеттерине этибар берүү маселеси жаралат. Тарбия, таалимине дыкаттык менен көңүл буруу, аларды адамзатка тиешелүү сапаттарга эгедер кылуу эки адамдын жалпылап айтканда арзышкан ата-эненин парзына айланат. Перзент деген бул толук кандуу бир үй-бүлө курулду деген сөз. Ар дайым этият болуу керек, анткени сездирген да бездирген да кызыл тил. Арзууна жеткенден кийин сүйүү алоосу бираз пастайт, анын ордун мээр, бири-бирине болгон ишеним, аео сыяктуу пендезатынын жашоосуна өтө керектүү сезимдер ээлейт. А кокус мээр кетип, ишеним жоголсо үй-бүлө урап, бала тирүү жетим калат. Азап чекпеген кишиге ырахат кайдан болсун! Ошондуктан аял-күйөөнүн колундагы өчүргүчү болууга тийиш. Бири-бирине күзгү болсун. Биринин айыбын экинчиси өчүрүп, кемчилигини түзөп турсун. Аял аялдык вазийпасын аткарсын. Эр бүлөнү түптөп, өз үйүнөн баарын тапсын. Өз үйүндө мээр, сулуулук, тазалык, арзуу-махабаттан жаралган бапыраган баланын күлкүсү болсун! Ооба бүлө түптөгөндө нике окулдубу? Ырасында жетинчи асманда окулуп турган нике бак-чеке, маңдайың ушул. Бак дегенди асырай билүү лаазым, эгер аны асырап калбасаң өмүрүң арман менен өтөт. Аял жакшы, эр жакшы. Эгер эркек үйдүн медресеси болсо, аял медресенин мугалими болууга тийиш. Убагында убактылуу кызганычка жеңилип, үй-бүлөнү бузуп алсаң балдардын тирүү жетим болоруна экөөң тең себепкер болосуң. Сөздүн бороонуна кайыккан эркек калат. Аял-эркек бир-биринен бираз эле алыска кетсе, алар бири-бирин эңсеп, сагынып көксөйт. Ошол сагыныч көксөө, кусалыкты өзүңө-өзүң тилеп алган болосуң. Ошондуктан аял-эркек кош өгүз болсун деген. Бири-бирине ишенип, биринин айыбын бири жаап, бири-бирине күндүзү жарык, түнүнө жанган шам чырак, коргоочу болуп, бала күтүп бапырап кырк, элүү жыл бирге жашаса махабаттын кемелине жеткени!

Ошентип чын берилүү, ышкы артуу жүрөк үчүн махабат ойготот. Үй-бүлө күткөндө махабат төшөктө ойгонот. Сүйүүдөн пайда болгон мээр жана ишенич туйгулары канат жайып, махабатка айланат. Ошентип махабат соолбос каусар булакка айланат. Турмушунан бактылуу болгон ата-эне балдарынын бактысын тилегенге көп убакыт табат…

  Абдусамод Хожибобоев

  Лейлек району, Кайрагач кыштагы. 14.06.2023