Мындай билдирүүсүн социалдык тармактын колдонуучусу Исмат Бегжанов жазды.

Анын айтымында, өлкө өнүгүүгө карай бет алып, бир топ иштер жасалып жатат.

Өнүгүүгө карай бет алдык, жакшы жашоодо жашайлы десек, бузукулардын тилине кирбей, президентибизге жардам берели.

— 248 миллиард сом бюджети менен алган Кыргызстанды эки жылда 500 милларддан ашырды.

— 50гө жакын ири жана чакан ГЭСтер,

— күн, шамал электр станциялары курулуп жатат.

— Трассалар, ички жолдор, троутарлар салынууда. Жол куруучу жаңы техникалар сатып алынды.

— “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжи” сыяктуу заманбап аскердик куралдар алынды.

— Адам коопсуздугуна керек болгон куткаруучу техникалар, тик учактар алынды.

— Мектеп жана башка имараттардын курулушунун көрсөткүчтөрү эки-үч эсеге өстү.

— Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу башталды, Балыкчы-Кочкор темир жолу курулуп жатат.

— Миңдеген автобустар сатып алынды.

— Экономикалык көрсөткүчтөр жогорулап, Кыргызстан туруктуу өнүккөн мамлекеттердин катарына киргенин биз эмес, эл аралык уюмдар белгилеп жатат.

— Лидер экономиканы эле эмес — сергек жашоого үндөп, өзү үлгү болууда.

Дүйнөгө белгилүү футбол клуб Академиясы бизге ачылып, футбол жылдыздары биздин Өлкөгө келип жатат.

Футболдо жаңы тарых, жаңы барак, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды.

Мамлекетибизге болуп жаткан жакшылыктар Кыргызга кут болсун.