Маданият

Райондук маданият үйлөрүнө музыкалык жабдуу үчүн биринчи жолу акча бөлүндү

Кыргызстандагы 40 райондук маданият үйлөрүнө заман талабына ылайык музыкалык жабдуу алууга атайын каражат бөлүндү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Мындай кадам аймактагы маданият үйлөрүнүн ишин жакшыртууга, жандуу үн менен ырдоого жана жогорку деңгээлдеги сапаттуу иш-чараларды өткөрүүгө өбөлгө түзөрү айтылууда.

Буга чейин мамлекеттин эсебинен бардык райондук маданият үйлөрүнө бирдей, сапаттуу музыкалык жабдуу алууга акча каралган эмес.

Эскерте кетсек, маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө өлкө бюджетинен 673 миллион 515 миң сом бөлүнгөнүн президенттик администрация кабарлаган болчу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button