Саясат

Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнүнө карата чет мамлекеттердин башчылары куттуктады

Президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата чет мамлекеттердин башчылары куттуктады. 

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин өзүнүн куттуктоо телеграммасында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнүнө карата менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз.

Биздин мамлекеттердин ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духуна негизделген. Эки тараптуу кызматташтык ар түрдүү тармактарда ийгиликтүү өнүгүп, ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүү ишке ашууда. Көп кырдуу орус-кыргыз мамилелеринин мындан аркы өнүгүшү биздин достук мамиледеги элдерибиздин кызыкчылыктарына толук жооп берип, евразиялык мейкиндикте коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо багытында бара жаткандыгына ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгилик, ал эми өлкөнүн бардык жарандарына бакыт жана бакубаттуулук каалады.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Сиздин түздөн-түз жетекчилигиңиз менен жүргүзүлүп жаткан комплекстүү реформалардын натыйжасында өлкөңүз ар тараптуу өнүгүп, калктын жашоо деңгээли үзгүлтүксүз жогорулап жатат. Эл аралык аренада Сиз көтөргөн олуттуу демилгелер дүйнө коомчулугу тарабынан татыктуу түрдө таанылды.

Акыркы жылдары мамлекеттерибиздин ортосундагы достук, жакын коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүк ырааттуу бекемделгени бизди кубандырат. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 26-27-январында Сиздин уникалдуу өлкөңүзгө болгон сапарыбыз биздин мамилелерибиздин тарыхындагы жаркын барак болуп калды.

Кооз Бишкек шаарында биздин жемиштүү жана ачык сүйлөшүүлөрүбүз, жетишилген маанилүү макулдашуулар жана кол коюлган биргелешкен долбоорлор мамилелерибизге жаңы дем береринде шек жок», — деп айтылат куттуктоодо.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго узун өмүр, чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык, өркүндөөнү жана бакубатчылык каалады.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Биз тарыхый тамыры терең тажик-кыргыз достук байланыштарын мындан ары да чыңдоого кызыкдарбыз. Биргелешкен күч-аракеттер менен биздин конструктивдүү мамилелерибиз достук жана жакын коңшулук, өз ара урматтоо жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ишеним принциптеринин негизинде мындан ары да кадам сайын өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Түркмөнстандын президенти куттуктоосунда Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарында мамлекеттүүлүктү чыңдоодо, элдин бакубаттуулугун жогорулатууда жана өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн мындан ары жогорулатууда олуттуу натыйжаларга жетишкенин белгиледи.

«Учурда биздин мамлекеттер аралык диалог жаңы багыттарды жана тармактарды камтыган жаңы мазмун менен толукталып жатат. Түркмөнстан достук жана кызматташтык алакаларындагы Кыргыз Республикасы менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдар», — деп айтылат куттуктоодо.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, мындан аркы өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

Илхам Алиев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын улуттук майрамына – Эгемендүүлүк күнүнө карата өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди чын дилимден куттуктайм жана бардык элиңизге эң жакшы каалоолорумду билдирем.

Өткөн жылы боордош Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарымда Сиздин жетекчилигиңиздин алдында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформаларды жана курулуш иштерин, алардын өлкөңүздүн ар тараптуу өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө шарт түзүп жаткандыгын көрүп кубандым.

Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки отуз жыл ичинде Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы бир тууган элдерибиздин эркине негизделген достук байланыштар дайыма чыңдалып, өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтык тынымсыз өнүгүп, стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлдү.

Түпкү тамырыбызга, бир туугандыкка, өз ара ишенимге жана чыңдалып жаткан стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө негизделген мамлекеттер аралык мамилелерди кеңейтүү боюнча биргелешкен аракеттерибизди ийгиликтүү улантабыз деп ишенем.

Ушул өзгөчө күнү Сизге чың ден соолук, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргыз Республикасына тынчтык, гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөн элинин улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Өткөн жылдары Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана элдин жашоо деңгээлин ырааттуу жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетише алганын белгилөө жагымдуу.

Түркмөнстан Кыргыз Республикасы менен бардык тармактарда жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берет. Акыркы жылдары ийгиликтүү өз ара пайдалуу кызматташуу боордош элдерибиздин ортосундагы ишенимдин жана өз ара түшүнүшүүнүн аркасында өз ара аракеттенүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине көтөрүлгөнүн баса белгилегим келет», — деп айтылат куттуктоодо.

Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу ишмердигине ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, өнүгүү жана мындан аркы өркүндөөнү каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button