Маданият

Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет

Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет. Быйылкы иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР Улуттук тарых музейи тарабынан көчмө көргөзмө, Кинематография департаменти тарабынан Карамолдо Орозов тууралуу 10 мүнөттүк чакан тасма көрсөтүлүп, салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү жана комузчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт көрсөтүлөт.

Комуз күнүн Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналган ар кандай иш-чаралардын өткөрүүгө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, Кыргыз улуттук “Манас” театры, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Б. Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университети, М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык мектеп-интернаты, П. Шубин атындагы Борбордук музыкалык мектеби, КР Улуттук тарых музейи, Кинематография департаменти ж.б. Министрликтин алдындагы мекемелер уюштуруу иштерине тартылды.

Мындан сырткары, Маданият министрлигинин буйругуна ылайык, бардык райондук маданият үйлөрүнө, кесиптик орто окуу жайларга жана маданият жана искусство мекемелерине аталган майрамдык күнгө иш- чараларды уюштуруп өткөрүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү быйыл бешинчи ирет белгиленүүдө. Бул майрам Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button