Маданият
Бишкекте, Ошто, Кара-Балтада масштабдуу фестиваль өтөт
Бишкек, Ош, Кара-Балта шаарларында «Кыргызстан-Россия: жалпы маданий мурас» деп аталган масштабдуу фестиваль өтө турганын «Фонд наследия русского зарубежья» уюму билдирди.
Анын алкагындагы иш-чаралар 8-16-сентябрда болмокчу. Программада лекциялар, ачык талкуулар, көргөзмөлөр, опера, драма жана джаз премьералары камтылган.
«Программа өмүрү жана тагдыры Кыргызстан менен Россиянын жалпы маданий мурастарына байланышкан көрүнүктүү инсандар жөнүндө айтып берүүгө багытталган», — деп билдиришти уюштуруучулар.
Анын каармандары — жазуучулар, сүрөтчүлөр, музыканттар жана архитекторлор, актёрлор жана режиссёрлор. Фестивалдын кызыктуу иш-чаралары тууралуу билип жана ага катышуу үчүн шилтемесине кирип катталууга болот.